​Паракор милиция тузакка түштү

13-Март 2018, Шейшемби, 17:03

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиционери пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын лейтенанты бүгүн, 8 миң сом пара менен кармалган.

Кармалган жаран Москванын милиция академиясын бүтүргөн.

Эскерте кетсек, февралда дагы бир милиция кызматкери 15 миң сом пара менен кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!