​Бир үй-бүлө иске ууланып, экөө каза болду

14-Март 2018, Шаршемби, 13:24

Сузак районунда бир үй-бүлө иске ууланып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-мартта саат 7:15те Сузак райондук аймактык ооруканасына изге ууланган үй-бүлө оор абалда келип түшкөн.

Атасы жана беш жашар баланы куткарууга мүмкүн болгон эмес. Алар ооруканага алып келингенде эле тамыры сокпой калган. Ал энеси менен 3 жашар баланын абалы оор. Энесинин баш мээси шишип кеткен. Учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө кармалууда. Баланын дагы абалы оор.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!