​Жаш жигитти бычактап өлтүргөндөр кармалды (фото)

14-Март 2018, Шаршемби, 15:33

19 жаштагы жигитти бычактап өлтүрүп Чоң чүй каналынын жанына таштап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, 3-мартта 13:10до 102 кызматына Чүй каналынын жээгине 18-20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө тобу каза болгон жаран зомбулук менен өлтүрүлгөндүгүн, тактап айтканда денеге бир нече жолу бычак сайылгандыгын көрүшкөн.

Аталган факт боюнча биринчи май РИИБдин тергөө кызматы адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү 1999-жылы туулган жана 2000-жылы туулган эки жаран кармалды.

Учурда териштирүү иши жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!