​16-март: жаан карга айланат

15-Март 2018, Бейшемби, 16:02

16-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл областында түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7

Нарын областында түнкүсүн -4…-9 күндүз -2…+3

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 күндүз -2…+3

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 күндүз -3…+2

Баткен областында түнкүсүн -1…+4 күндүз 5…10

Ош, Жалал-Абад областтары дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…+5 күндүз 5…10

Бишкек шаарында 16-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…3 күндүз -1…+1 болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!