​19-март: Кыргызстанда күн ачык болот

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:14

19-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 19-22-мартта Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш жолдоруна көчкү түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…1, күндүз 9…14;

Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13;

Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 18...23;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…22;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы 21…23 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!