Кулчулукта жүргөн кыргызстандык аялдар куткарылды

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:37

Россияда тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 аял куткарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Аялдар өздөрүнүн абалы тууралуу телефондон тааныштарына маалымдашып, милицияга кабар жеткен. Өткөн жумада Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрликтери чогуу жүргүзгөн иликтөөдө Россиянын Рязань шаарында “Февраль” деп аталган ишканада кулчулукта жүргөн 13 аял бар экени аныкталган. Мындан тышкары аталган иш канада кыргызстандыктарда башка Вьетнамдык жана Борбор азиядан баргантигүүчүлөр иштеген. Алардын документтерин алып койгон. Сыртка чыга алышкан эмес.

Фирма жетекчилигине кылмыш иши козголду. Жумушчуларга айлык акысын алып берүү маселеси каралып жатат.

Кулчулукка кабылгандар Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан барышкан. Алар 39 жаштагы жарандын ортомчулугу менен Бишкектен Россияга кетишкен. Учурда ошол жакта көрсөтмө берип жатышат. Ишти Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү көзөмөлгө алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!