Түркияда кыргызстандык кызды өлтүрүп кетти

20-Март 2018, Шейшемби, 09:52

Түркияда кыргызстандык кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Түркиялык “Dogan” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда 19-март күнү Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыздын зөөкүрлүк менен муунтуп өлтүрүлгөнүн көрүшүп, полицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге полиция келгенде маркумдун жанынан 26 жаштагы кыргызстандык кыздын телефону жана паспорту табылган.

Учурда кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, күнөөлүүлөр изделип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!