​22-март: +25 градуска чейин ысык болот

22-Март 2018, Бейшемби, 09:27

22-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25°.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!