​Түркияда каза болгон кыздын туугандары табыла элек

22-Март 2018, Бейшемби, 10:38

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон 26 жаштагы Ырыскүл Жээнбек кызынын сөөгү дагы деле Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында кармалууда. Бул тууралуу Haberler агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кызды жерге берүү иштерин эч ким уюштура элек. Анын жакындары изделүүдө.

Эскерте кетсек, 19-мартта Түркиянын Денизли шаарынын Кокаарык районунан жумушчулар жылаңач кыздын жансыз денесин табышкан. Экспертиза кыз киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Анын өлүмүнө шектүү катары Каршыяк районунда касапчы болуп иштеген 30 жаштагы Барыш Юнал кармалган. Ырыскүл Жээнбек кызы Түркияда официант болуп иштечү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!