​23-март: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

22-Март 2018, Бейшемби, 13:32

23-мартта көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн айрым жерлеринде нөшөр болот. Күн күркүрөшү ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17,

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,

Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...5°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 15…17°.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!