​Апрелде кыргызстандыктар 3 күн эс алат

22-Март 2018, Бейшемби, 14:42

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик кызматкерлери апрель айында 3 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков "Кыргыз Республикасындагы дем алыш күндөрүн жылдыруу" боюнча токтомго кол койгон. Токтомдун негизинде 7-апрель (Апрель революциясы) ишемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү дүйшөмбү күнгө, 9-апрелге жылдырылды.

Ошондой эле 30-апрелдеги иш күнү 28-апрелге жылдырылды. Бул орун алмашуу бюджеттик мекемелерде, 5 күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлердин 29-апрелден 1-майга чейинки 3 күн эс алуусун камсыздайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!