​Көк бөрү оюнунда улакчы каза болду

23-Март 2018, Жума, 09:43

Көк бөрү оюнунун учурунда бир улакчы каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Таластын Үч-Эмчек айылында 21-март күнү — Ноорузда болгон. Оюн учурунда Үч-Эмчек айылынын 32 жаштагы тургуну аттан жыгылып, эс-учун жоготуп койгон. Нөөмөттө турган Тез жардам кызматынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок жабырлануучу саат 19.00дөрдө эсине келбеген боюнча жолдо үзүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин 27-январда Бишкектин четиндеги “Ак-Бата” жаңы конушунда аламан улакка катышкан оюнчу аты менен кошо сууга түшүп кетип каза болгон. Андан эки күн мурда Ошто өтүп жаткан көк бөрү оюнун көрүүгө барган 12 жаштагы баланы ат коюп кетип көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!