​Карыяны сүзгөн айдоочу качып кеткен

23-Март 2018, Жума, 16:13

80 жаштагы карыяны унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 22-мартта, саат 21:00 чамасында Правда айылында катталган. Карыяны койдуруп кеткен айдоочу окуя катталган жерден качып кеткен.

Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!