​24-март: аймактарда жаан жаайт

23-Март 2018, Жума, 17:00

Кыргызстанда 24-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…5 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте 24-мартта күндүз жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 17…19 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!