​27-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

24-Март 2018, Ишемби, 12:39

24-мартта Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, 24-мартта түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде бир аз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. 26-мартта эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаан-чачын кечке жакын күтүлөт.

26-27-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Ал эми 27-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!