​Жаш келиндин жансыз денеси табылды

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:36

Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунан жаш келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24- мартта, саат 14:30 чамасында Ак-Ордо жаңы конушунун 206 участкасында өздүгү белгисиз, азиат улутундагы аялдын жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Маркумдун жашы болжолдуу түрдө 25-30 жашта. Бою 165-168 см, чачы кара, узундугу 20-25 см. Көк түстөгү кофта, кара джинсы шым жана күрөң-жашыл түстөгү курткачан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!