​Катуу шамал мектептерди чатырсыз калтырды

28-Март 2018, Шаршемби, 10:11

Нарын районунда катуу шамал катталып, анын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 27-мартта кечки саат 17.30да Учкун айыл аймагында ылдамдыгы 25 метр секундага жеткен шамал болуп Учкун айылындагы бир үйдүн, Куланак айыл өкмөтүнүн мекемесинин жана Достук айылындагы мектептин чатырын учуруп кеткен. Жабыр тартакандар болгон жок.

Ошондой эле Дөбөлү айыл аймагында шамал бир үйдүн жана мектептин чатырын, жана Алыш айылындагы үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Учурда материалдык чыгымдар эсептелүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!