​Каналга түшүп кеткен жаран табыла элек

28-Март 2018, Шаршемби, 10:46

Кант шаарындагы Чкалов көчөсүндө Чоң Чүй каналына агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган жаран үстүбүздөгү жылдын 19-мартында болжол менен саат 21:00 чамасында сууга түшүп кеткен.

Учурда издөө иштери уланууда, бирок азырынча эч кандай натыйжа жок.

27-мартта жаанга байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан куткаруучулар өз иштерин улантууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!