Нарындык актерлор Лондонго кетишет

Нарындык актерлор Лондонго кетишет
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 14:02

Нарын облусундагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл тобу Лондондо өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк театр фестивалына ушул жылдын октябрь айында катышышат. Бул тууралуу театрдын директору Темирлан Сманбеков кабарлады.

Бул фестивалга театрдын чыгармачыл тобу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде жазылган драматург Султан Раевдин «Маң» спектаклин даярдап жатышат. Спекталдин даярдыгын драматург Султан Раев жана Лондондон келген белгилүү режиссер Юлдаш Чоробоев көрүштү.

Ошондой эле режиссер Юлдаш Чоробоев анда ойногон кейипкерлердин ролуна токтолуп, актерлордун чыныгы профессионал экендигине баа берди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!