Башкарган органбы же баш катырган органбы?

Башкарган органбы же баш катырган органбы?
6-Июнь 2018, Шаршемби, 20:12

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин отчету угулду.

Жыйында Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев баяндама жасап жатып, байкоочу кеңеш 15 мүчөдөн турарын жана алар КТРКнын ичиндеги бардык иштерге аралашууга акысы бар экенин билдирди. Ошондой эле ал кеңеш каналга келген каттар менен таанышып, бир жылда 13 жолу жыйынга чогулганын жана бул кеңештин башкы милдети каналдын саясий багытын аныктап, көзөмөлгө алуу болуп саналарын айтты.

Депутат Садык Шер-Нияз: “Биз байкоочу кеңешти бир убакта КТРК кара жашик аталып, каралоо куралга айланганда аны токтоттуу үчүн жибергенбиз. Ушундай мыйзам кабыл алганбыз. КТРК кээ бир убакта кара жашик эмес, космостогу кара тешикке жакындап барып жатат. Мына айтып өтөлү.Депутаттарыбыз Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди жөнсүз каралап жатканда Байкоочу кеңеш төө куштай болуп башын кумга катып отурду. Шайлоо учурунда да башын катып отурду. Тагдырдын тамашасын караңыз, азыр эми КТРК 180 градуска бурулуп, бир кезде камчысын чаап, кызматын аткарып жаткандарды каралоого өттү. Туура, алар да бир кезде биздин саясий оппоненттерибиз болчу. Көп кордукту көрдү “Ата Мекен”. “Күнөөсүздүктүн презумциясы” деген түшүнүктү силер бекем сакташыңар керек”- деди.

Бул маселе боюнча Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев депутаттар кабыл алган мыйзамда “КТРК-Коомдук статусу бар мамлекеттик мекеме” деп жазылып турарын эске салып, канал мамлекеттик бийликтин да, коомчулуктун да көз караштарын тең салмактуу кылууга аракет кыларын айтты. Ошондой эле эгер туура эмес көрсөтүүлөр болсо, алар аны кароого аракет кыла тургандыгын белгиледи.

Ал эми дагы бир депутат Абдывахап Нурбаев журналистикалык норма боюнча маалымат эки тараптуу болуш керектигин белгилеп, бирок андай болбой бир жактуу болуп жатат да деп билдирди.

Эл өкүлүнүн айткандары боюнча КТРКнын директору Илим Карыпбеков “КТРК бир жактуу иштеп жатат” деген айыптоолорду токтотуш үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген ойдо.

“Мына, айтып жатасыздар, “буларга акыйкатты, көз карандысыздыкты камсыз кылып бериңиздер” деп. Мен жылда келгенде депутаттардан суранып кетем. Кол астыңарда мыйзам бар. Мызамдын бирден-бир автору Каныбек Иманалиев болгон. Ошол мыйзамга анда иштеп туруп, көрсөтүп коюш керек да. Мамлекеттик органдар КТРКнын редакциялык саясий ишине кийлигишүүсүнө таптакыр тыюу салынат. Ал эми мамлекеттен каржы кепилдик түрдө берилет” деген норманы киргизиш керек. Ошондуктан биз мамлекеттен берилип жаткан маалыматты эч тоскоолдуксуз ошол боюнча гана берүүгө милдеттүүбүз”,- деди Карыпбеков.

Ошол эле учурда депутат Нурбек Алимбеков мамлекеттик бюджеттен аталган каналга канча сом жылыга караларына кызыкты.

Депутат Нурбек Алимбеков: “Сиздердин каналдын бюджетинин 70 пайызы мамлекеттен, 30 пайызы каналдын каражатынан каржыланат экен. Сиз 2-3 жылдан бери эч кандай жогоруулоо болбой жатат дедиңиз. Бул туурабы?”,- деп КТРКнын директору Илим Карыпбековго кайрылды.

Эл өкүлүнүн суроосуна Карыпбеков каналдын бюджетинин 70 пайызы мамлекеттен, 30 пайызы каналдын каражаты менен каржыланарын жана 7-9 жылдан бери мамлекеттик каржылоо бир калыпта келе жатканын, ал жалпы жонунан алганда 400 млн сомдун тегерегинде экенин айтты.

Депутат бул маселени тактоо үчүн Финансы министрлигинин орун басары Улукбек Кармышаковго кайрылып, ал “КТРКнын бюджети көтөрүлүп же көтөрүлбөгөндүгү боюнча цифралар барбы?”- деп сурады.

Аталган министрликтин өкүлүнүн айтымында, бюджеттик кодекс боюнча коомдук мекемелер каржыланбашы керек. Бирок, мамлекеттин саясаттын жүргүзүп келе жаткан мекеме катары каржыланып, мамлекеттик бюджеттен ар дайым КТРКга колдоо көрсөтүлүп келет.

“Жана Илим Карыпбеков өзүда айтып, өзүнүн сөзүн тастыктап кетти. Эгер отчетту билбесе айтпаш керек. Мен мына үч эле мисалды айтайын. 2015-жылы бюджеттен 400 млн сом, 2016-жылы 439 млн 300 миң сом, 2017-жылы 475 млн 300 миң сомго каржыланган. Мына цифралар так көрсөтүлүп турат. Андан башка 2017-жылы аталган каналга көчмө телестудия сатып алуу үчүн бюджеттен пайызсыз 70 млн сомдук кредит ыкмада каражат бөлүнгөн. Ошондуктан бул жерде КТРКны мамлекеттик бюджеттен каржылоо көбөйбөй жатат деген туура эмес”,- деди Карымшаков.

Ал эми каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков каналга акыркы эки жылда мамлекеттик бюджеттен көбүрөөк акча каралганы менен каражат кайсы статья боюнча көбөйгөндүгүн айтуу зарылдыгын белгиледи.

“Бул киши мени азыр калпычы кылып жатат. Азыр цифраларды үстүртөдөн эле карап алып, айтып жатат. Биринчиден эмне, кайсы статья боюнча көбөйгөндүгүн айтыш керек да. Чынында эле эки жыл бюджеттен көбүрөк акча берилген. Көбөйгөндүгүнүн себеби мындай. РПО, РМТРге орусиянын биринчи каналын билесиңерби урматтуу депутаттар өзүңөр көтөргөнсүңөр. “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары көтөрүп чыккан. “Биз эмнеге биздин мамлекеттик бюджеттен түзмө-түз орусиянын телеканалы Кыргызстанга жарыялап жатканы үчүн төлөнүп жатат. Биз эмнеге Орусиянын каналына төлөшүбүз керек. Ага тыюу салышы керек” деп. Ата-Мекендин депутаттары көтөрүп чыккандан кийин бюджеттен тыюу салынып калган. Бирок, РПО, РМТРнин каналы өчкөн эмес. Орусиянын каналы кете берген. Карызда көбөйүп кете берген. РПО, РМТРнын каналы өчкөн эмес, бул саясий маселе деп. Карызы 70-90 млн сом болгон. Андан кийин бул маселени чечиш керек да. РПО, РМТР айтатда карызынарды төлөбөсөңөр орус каналын өчүрөм дейт. Бир саясий себептерден улам өчүрбөйт. Анан бир мындай чечим кылышкан. Мурунку президенттин жарлыгы менен КТРКга ошол акчаны которуп берип, ошол акчаны бөлсүн деп биздин бюджетти көбөйткөн. КТРКнын соцфонду, айлыгы жана башкасы, урматтуу Финансы министрлигинин өкүлү, көбөйгөн жок. Муну сиз билип алышыңыз керек. Ал эми көчмө студияны биз суда кылып алганбыз. Биз ар ай сайын аны кайтарып берип жатабыз”,- деди Карыпбеков

Жыйындын жүрүшүндө КТРКнын байкоочу кеңешинин отчётуна депутат Рыскелди Момбеков каршы чыгып, сынга алды.

"Мен комитеттин жыйынында айткам. КТРКнын Байкоочу кеңеши, бүгүнкү күндө чайкоочу кеңеши болуп калгансыңар. Силер башкарган орган болбой эле, баш катырган орган болуп калгансыңар. Эч бир аракет кылган жоксуңар. Барын байкап отурдуңар, бирок башыңарды чайкап турдуңар. Мен депутат катары ушул Байкоочу кеңешке добуш бергениме арданам. Андыктан добушумду кайра чакыртып алам. Силер таарынып таркап кетсеңер деле таарынгандар аз болот. Илимдин ишинде ийгиликтер көп эле болду. Бирок, кемчиликтер деле кем болгон жок. Бирок силер биринда байкаган жоксуңар. Байкоочу кеңеш үлгү боло алган жоксуңар, КТРК күзгү боло алган жок. Коомчулуктун каналга барген баасы ушундай. Мындан уялбай эле койгула. Отчётуңарды карап көрдүм. Үчтөн бир бөлүгү өзүңөрдүн өмүр баяныңар, үчтөн бир бөлүгү Карыпбековдун маалыматы жана үчтөн бир бөлүгү өзүңөрдүкү экен. Калганы Шестаков түз эфирге чыкты, Айбек Карымов түз эфирге чыкты деген маалыматтар. Ушул дагы отчётпу? Бир жылда 60 арыз түшүптүр. Демек, элдин ишеними арбын. Бирок алкышыңардан да каргышыңар калың экен. Анан кантип иштейсиңер. Силер Илим Карыпбековдун эмес, Карыпбеков силердин ишиңерди көзөмөлдөп алыптырда. Мен Байкоочу кеңештин мындай отчетун кабыл албайм, каршы добуш берем. Анткени, коомчулуктун баасы ушундай кечирип коюнуздар”, - деди Момбеков.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев акчаны ар кандай жол менен тапса болорун, бирок КТРКнын “Музыка” каналынан таанымал залкарлар жаштарды тарбиялай турган ырды ырдап жатса, экрандын астынан 20-35 жаштагы кыздар менен таанышам деген билдирүүлөр берилип жатканын айтып, кыздар менен таанышуу рекламадан канча акча таптыңар деп кызыкты.

Каналдын жетекчисинин билдирген пикири боюнча таанышуу кызматы КТРКга киреше алып келүүдө.

Кыздар менен таанышуу боюнча реклама каналдан кетет. Биздин андан тыйын табабыз. “Музканалдан” кетип жаткан рекламадан жалпы 10 миң долларга жакын каражат табат. Ал эми мамлекет болсо жылына “Музыка” каналынын иштеп кетишине 100 миң долларга жакын акча бөлүп берет. Ошондуктан бул маселе парламентте көтөрүлүп жаткандан кийин Байкоочу кеңешда бул боюнча карайт. Эгер таанышуу кызматы болбошу керек, акчасына карабай тыйып салгыла десе, тыйып салууга даярбыз”,- деди Карыпбеков.

Жыйындын соңунда депутаттар КТРКнын байкоочу кеңешинин 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу берген отчетун жактырды. Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтылган сын-пикирлерди КТРКнын жетекчилиги эске алышы керектигин белгилеп, жумушту дагы да жакшыртууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!