30-март: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

30-Март 2017, Бейшемби

Бүгүн, 30-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +10...+15;

Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +10...+15;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +10...+15;

Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +10...+15;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +6...+11 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +8…+10, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!