Кафенин кассасы тонолду

30-Март 2017, Бейшемби

Бишкек шаарында жайгашкан “Кылым” кафесинин сейфин тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Б.К.аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби 28-март күнү болжол менен түнкү саат 23:00дөр чамасында Бишкектеги “Кылым” кафесиндеги сейфтин ичинен 24 000 сом акчаны белгисиз адамдар жашыруун уурдап кетишкен. Бул окуя боюнча Ленин РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесине ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголду.

«№1 шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматерлери тарабынан, ыкчам иш-аракетинин негизинде кылмышка шектүү делип Нарын облусунун 18 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалды»,- деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүүлүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!