31-март: күндүз жаан-чачын болбойт

31-Март 2017, Жума

Бүгүн, 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жок. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз +6...+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7 градус болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…18 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!