Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда сел 25 козуну алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагында 1-апрелден 2-апрелге караган түнү саат 2:30-3:00 чамасында Большевик айылында кардын эрүүсүнөн арыктан суу ашып, 1 турак үйдүн короосуна жана 1 мал сарайдын ичине кирип, 25 козу өлгөн.