Унаа өтүүчү жол 10 метрге чейин чөгүп кетти

4-Апр. 2017, Шейшемби

Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолу 10 метрге чейин чөктү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 08:40 чамасында Ош облусунун Алай районунда №959 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолунун 11-чакырымында, унаа жол болжол менен 9-10 метр чейин чөккөн.

Жабыркагандар жок. Унаа жолду калыбына келтирүү үчүн техника тартуу жагы каралууда.

Кошумча маалымат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!