5-апрель: жамгыр аралаш кар жаайт

5-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 5-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз +2...+7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +4…+6 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!