Дайынсыз жоголгон 11 жаштагы окуучу кыз табыла элек

5-Апр. 2017, Шаршемби

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары кечээ, 4-апрелде Чоң Чүй каналын жээктеринен дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы окуучу кызды издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок кыз табылган эмес. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Кантемировская 93а көчөсүнүн тургуну, 11 жаштагы Торобекова Аселя Руслановна издөөлүүдө. Ал 3-апрель күнү болжол менен саат 12:15 чамасында, мектепке үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайра кайтып келген эмес. Азыркы убакта кайда жүргөнү белгисиз.

Дайынсыз болуп жаткан окуучу кыздын белгилери: боюу 130-140 см.

Негизги белгилери: дене түзүлүшү арыкчырай, көздөрү кара, чачы кара түстө ийининен ылдый.

Кийген кийими: үстүндө кызгылт түстөгү куртка жана мектеп формасы, башында кара шапке, бутунда кара түстөгүү өтүк.

Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлерге чалып коюуңарды суранабыз!

(0550)102-872, (0772)18-09-45. 102. (Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмү).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!