Апрель окуясына арналган көргөзмө уюштурулду

5-Апр. 2017, Шаршемби

Ош шаарынын борбордук аянтына апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө коюлду.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, революциянын каармандары, мекеме ишканалардын кызматкерлери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Борбордук аянтта 20 лайтбокс орнотулуп, анда апрель революциясын чагылдырган 100дөн ашуун фото-сүрөттөр коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!