6-апрель: жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

6-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 6-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан аралаш кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-3, күндүз +1...+6;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...+5;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус суук.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!