Унаа жолу бир метрге жакын чөгүп кетти

6-Апр. 2017, Бейшемби

Өзгөн районунун Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунда жер көчкү жаракалары пайда болуп, 1 метрге жакын чөктү. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалпак-Таш айыл аймагында 5-апрелинде Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 15-чакырымында эки-үч күндөн бери тынбай жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкү суюк абалда ар жерден түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Аталган жолдун 22-чакырымында эки тарабынан бир жагы 1,5 метр, экинчи жагы 1 метр чөгүп, жолдун бетинен жана четтеринен ар кандай жаракалар пайда болгон. Жер көчкү жаракалары 6 турак үйгө 3-4 метр аралык калып, кооптуу абал жаралган.

«Тазалоо иштерине райондук №956 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 5 жумушчу тартылып, тазаланып ачылган. Ал эми жаракалар пайда болгон бул жолдун жогору жагындагы жаракаларга жакын жайгашкан 6 турак үй ээлерине айыл башчысы тарабынан эскертилип, туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн», -деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!