11-сентбярда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26;
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;
Ош облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25.