11-апрель: жаан жаашы күтүлөт

11-Апр. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...8, күндүз +17...+22;

Талас жергесинде түнкүсүн +2...+6, күндүз +16...+21;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +11...+16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +11...+16;

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!