14-сентябрь: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

14-сентябрь: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
13-Сен. 2018, Бейшемби, 16:29

14-сентябрда Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Ош обласында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Жалал-Абад обласында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Баткен обласында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24 градус

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!