​15-сентябрь:жаан жаашы мүмкүн

​15-сентябрь:жаан жаашы мүмкүн
14-Сен. 2018, Жума, 16:55

15-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жок.

Абанын температурасы: Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Ош облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!