12-апрель: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

12-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 12-апрелден 14-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-13-апрелде жана 14-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. 13-апрелде жана 14-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Баткенде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;

Ал эми Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +15...+17 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!