Каденованын чыры коомчулукта эки ача пикирди жараттыбы?

Каденованын чыры коомчулукта эки ача пикирди жараттыбы?
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 21:16

22-сентябрда Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, чуу салды деген Кыргызстандын мамлекеттик кызматкер айымынын чуусу Чубактын чуусундай чубалчудай өңдөнөт.

Бул окуя боюнча алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Бирок Исмаилова социалдык баракчасына жазган билдирүүсүндө мас кыргыз чиновнигинин атын ачыктаган эмес.

Болгону ал "Сеул—Алматы каттамындагы учактын бардык жүргүнчүлөрүн биздин министрликтердин биринин жогорку кызматында иштеген, катуу мас абалдагы бир адамды 1,5 саат чыгара албай коюшкандыктан улам учурбай коюшту. Жазгым келген эмес, бирок азыр бизге бүгүн такыр учпай калышыбыз мүмкүн экендигин айтышты. Транзиттик каттам аркылуу учуп жаткан канча жүргүнчү бар, жалаң чет элдиктер...", - деп жазып калтырган.

Ismailova Aida

в пятницу

Нас,всех пассажиров сняли с рейса Сеул-Алматы сняли с рейса,по причине того ,что не могли 1.5 часа вывести пассажирку ,высокопоставленную чиновницу одного из наших министерств за состояние сильного алкогольного опьянения....Не хотела писать,но злость невозможная,сейчас сказали,что возможно вообще сегодня не полетим,столько людей транзитных,одни иностранцы....Ужас

Ал эми Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Сеул — Алматы каттамы боюнча уча турчу учакта жаңжал салып түшүрүлгөн жарандын аты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова экенин айткан. Ошондой эле Султанов экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө аргасыз болуп, рейс бир нече убакытка кечиккенин билдирген.

Ушул эле күнү бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы ээлеген кызматынан бошоткон.

Ал ортодо президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер "президент Сооронбай Жээнбековдун жээни" деген маалыматты жокко чыгарган.

Бул окуя боюнча бүгүн, 24-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова өзү Түштүк Кореядан келатып мас абалында учакка отурганын четке кагып, дары ичкенден улам көңүлү айнып кеткенин айтып чыкты.

Анын айтымында, ал Түштүк Кореяга атайын окууга барган. Ал жакта анын жүрөгү ооругандыгына байланыштуу корвалил жана валерьянка дарысын ичип жүргөн.

"Мен ичимдик ичкен адам эмесмин. Ошол күнү алты сааттан ашык учат экенбиз деп, учакка отурганга чейин дарыны өлчөмүн адаттагыдан көбүрөөк кылып ичип алгам. Учакка отуруудан мурун 40тан ашык тамчы дары ичкен элем. Ага чейин 30 тамчыдан ичип жаткам. Анын үстүнө каттоого жетишпей калып, чуркадык. Андан кийин мен эки бөтөлкө кока-кола ичкем. Учакка отурганда өзүмдү жаман сезип, ажатканага барууну сурансам уруксат беришкен жок. Желим пакет алып келип беришти. Андан кийин калтырап, титиреп өңүм кубарыпгандыктан мен мас болгондой көрүнүптүрмүн",- деди Каденова.

Ошондой эле Каденованын айтымына ылайык, учактын кызматкерлери келип ага бул абалы менен учканга болбостугун жана кийинки каттам менен келүүсүн айтышкан.

"Визаңыз проблема болбойт дешкенине калып, анан кайра учмак болдук. Менин жүктөрүмдү калтыруу үчүн эки сааттай кетти. Ошон үчүн учактагы адамдарды түшүрөт экен",- деп кошумчалады Каденова.


Ушул эле окуя боюнча бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Түштүк Кореяда учактагы чырдан улам кызматтан алынган Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын дипломатиялык паспортту колдонууга укугу болбогонун маалымдады.

Анын айтымында, эмгек өргүүнүн алдында Каденова дипломатиялык паспортту тапшырышы керек болчу.

"Авиакомпаниянын актысында "Каденова мас болчу" деп жазылган.Күбөлөр жана полиция кызматкери толтурулган документтер жана башка далилдер бар. Бул боюнча документтер премьер-министрге берилди. Ошондуктан премьер министр жөн жерден эле аны кызматтан алып койгон жокда. Каденова өзү ичкен эмесмин деп жатып, учактан чыкпайм деп баш тарткан. Анын жанында дипломаттык паспорту болгону үчүн элчилигибиздин дипломаттары чакырылган. Каденова өзүн өтө агрессивдүү алып жүргөн. Андан алкоголдук ичимдиктин жыты жыттанган. Биздин кызматкерлер ал жактын жергилүктүү сааты боючан кечки 5тер чамасында аэропортко барса, ал биздин кызматкерлерге бүгүн Бишкекке учуп кетишим керек деген талапты коюп туруп алган. Бирок, ал акырында уча албастыгын түшүнгөндөн кийин биздин дипломаттык кызматкерлер аны башка шаардагы жатаканага алып барышкан. Анан окуянын эртеси Каденованы самалетко салып жиберишкен. Ошондой эле Каденованы мас экенин аныктоо үчүн экспертизадан өткөргөн жокпуз",- деди Султанов.

Ошондой эле элчи президенттик аппараттын катардагы кызматкери элчиликке чалып, "Түштүк Кореяда учакта чуу салган эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова тууралуу маалымат таратпагыла" деген буйрук бергенин кошумчалады.

Президенттик аппараттан Кыргызстандын Кореядагы элчисинин билдирүүсүн четке какты.

Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, 22-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова катышкан окуяны жаап-жашыруу жөнүндө президенттик аппараттан эч ким Кыргызстандын Сеулдагы элчиси менен байланышка чыккан эмес. Ал эми мамлекет башчы Тышкы иштер министрлигине окуяны иликтөөнү тапшырып, маалымат тастыкталса премьер-министрге тиешелүү чара көрүү керектиги айтылган.

Учурда бул окуя социалдык тармакта кызуу талкууну жаратып жатат. Соцтармактардын колдонуучулардын айрымдары бул окуя тууралуу терс пикирлерин билдиришип, Каденова кыргыз элин дүйнөгө уят кылды, аны кызматтан алып эң туура кылышты десе, айрымдары Каденова чындап эле ооруп жаткандыр, анын мас экенин экспертизадан аныктабай туруп кызматтан алуу туура эмес болду деген пикирлерин жазышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!