27-сентябрь:тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн

27-сентябрь:тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
26-Сен. 2018, Шаршемби, 14:08

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22.

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24;

Ошто түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Жалал-Абадда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Баткенде түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!