Мамытов чындыкты чыркыраткан акыйкатчы болобу?

Мамытов чындыкты чыркыраткан акыйкатчы болобу?
26-Сен. 2018, Шаршемби, 18:38

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеш өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо маселесин карап, айкатчыны шайлашты.

Өлкөнүн акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештеги фракциялар тарабынан жалпы 5 талапкер көрсөтүлгөн. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган.

Акыйкатчылыкка сунушталып жаткан талапкерлер Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өздөрүнүн баяндамасын жасашты.

Талапкерлердин ичинен Токон Мамытов баяндама жасап жатып, ал адам укугу жөнүндө маселе көтөрүлгөндө, бир нече багытка көңүл буруу керектигин белгиледи. Алар жеке адамдын укугу, саясий укугу жана экинчи топто социалдык-экономикалык укугу, үчүнчү топто маданий-гуманитардык укуктар.

"Бул багытта биринчи балдардын укугуна өзгөчө көңүл буруш керек. Акыркы учурда балдарга зордук-зомбулуктар, ар кандай терс көрүнүштөр болуп жатат. Экинчиден, аялдарга болгон зордук-зомбулук, мекемелердеги аялдардын укугун бузуу жана ушундай эле терс көрүнүштөр. Үчүнчүдөн, акыйкатчылардын да көңүлүн буруш керек, бул адамдарды кыйноо, тергөө жана оперативдик изилдөөлөр учурунда кыйноолор болуп жатат, ушул жагдайга да көңүл буруу зарыл. Абактагы адамдардын укугун бузуу, социалдык-экономикалык укуктардын да бузулушуна көңүл буруу зарыл. Төртүнчүсү миллионго жакын биздин мигранттардын укуктарын белгилеп кетүү керек",- деди Мамытов.

Ошондой эле Мамытов кайрылмандардын укуктарында коргоо керектигине токтолуп кетти. Андан сырткары, ал абакта айлап жылдап отургандардын иши сотко өтпөй жатканын айтып, алардын эрки бузулуп жаткандыктан бул маселеге токтоло кетти.

Ал эми "Бир Бол" фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Маматурайым Момунов баяндама жасап жатып, өз талапкерлигин алып салды.

"Мен бул жерге чыгардан мурда терең ойлондум. Бул жерде Токон Мамытовго окшогон тажрыйбалуу аксакалдын эмгектерин көрүп, өзүмдүн талапкерлигимди алып салууну чечтим",- деди ал.

Аталган фракция тарабынан көрсөтүлгөн дагы бир талапкер Рыскул Бактыбаев баяндама жазап жатып, ал Кыргызстанга 2002-жылы гана акыйкатчы институту киргенин, ага чейин адам укуктарын укугун жана адам эркиндигин прокуратура органдарына тиешелүү болуп келгенин эске салды.

Анын айтымына караганда, ал бул тармакта эмгектенип келгендиктен азыр акыйкатчылыкка өзүнүн талапкерлигин сунуштап жаткан маалы.

"Биздин Конституцияда адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу так жазылган. Биздин Конституциянын 38-статьясында адамдын эркиндиктери жана укуктары жөнүндө айтылат. Андагы адам укуктарынын негизгиси - бул жашоо укугу. Ошондуктан биздин өлкөдө өлүм жазасына, кулчулукка, адамды адам сатууга тыюу салынган. Ар бир адам - кол тийбестикке, эркин жер тандоого, эркин жашоого укуктуу. Ар бир жаран мыйзамда каралган тартипте, башкача айтканда сот тарабынан күнөөлүү деп табылганда гана жазага тартылат. Ал эми адам укугун коргоодо бүгүнкү маселелерге токтоло кетсем. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөг тергөө, оперативдик иштерде мыйзамдын сакталышы боюнча эл тарабынан көп наарачылыктар айтылып келет. Мен 25 жылдан ашык прокуратура системасында иштеп келдим. Бул жактагы кемликтерди жакшы билем. Шайланып калсам, топтогон тажрыйбамды, билимимди эл үчүн кылып берет элем",- дейт Бактыбаев.

"Бир Бол" фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн дагы бир талапкер Рита Карасартова акыйкатчы иниститутунун адам укуктарын коргоого укуктары да каражатты да жетиштүү экенин белгилесе, “Ата Мекен” фракциясынан көрсөтүлгөн Канат Азиз акыйкатчы калктын укугу жана эркиндиги мамлекеттик органдар тарабынан туташ бузулуп жатса, аны ашкерелөө жана аларды парламенттин тиешелүү комитетине жеткирип туруу керектигин айтты. Андан сырткары акыйкатчы эл менен мамлекеттин ортосунда даанакер болууга тийиш экенин белгиледи ал.

Кыргызстандын акыйкатчылыга талапкерлер өздөрүнүн баяндамасын жазашкандан кийин депутаттар талапкерлерге ар кандай суроолорду беришти.

Талапкердердин баяндамасы угулгандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов Акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовго кайрылып, ал "Буга чейин сиз ЖМКлардын бирине менин башка өлкөнүн жараны экендигим боюнча маалымат айткансыз. Эгер сизде мындай маалымат болсо, эмне үчүн документтерди алып чыкпайсыз? Бир жыл мурун бир генералыбыз “Белизгейт” жөнүндө айтты эле. Эми сиз “Казакгейтти” баштап жатасыз",- деди.

Мамытов өз кезегинде: "Сиздин чет өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди",- деп жооп кайтарды.

Депутат Карамат Орозава акыйкатчы кызматына сунушталып жаткан талапкерлерге кайрылып, алардын арасында жалгыз бир аял болгондуктан, ал аялды колдоп, эркектерди күрөштөн баш тартууга чакырды.

"Талапкер 4 мырзабыздан 1 аял талапкерибизге мүмкүнчүлүк берүү боюнча ойлору кандай экенин угайын дегем", - деди Орозова.

Депутаттын суроосуна Токон Мамытов: "Сиздин сунушунуз менен баш тартсак – Рита айымды басмырлаганыбыз, тебелегенибиз, укугун бузганыбыз болот да. Силер эле чечкиле", - деп жооп кайтарды.

Ал эми дагы бир эркек талапкер Руслан Бактыбеков талапкерлигин алып коюшса атаандаштык болбой кала тургандыгын жана мамлекеттик иш болгондон кийин аял менен эркектин укугу, жоопкерчилиги бирдей экенин айтса, Канатбек Азиз бул маселени депутаттар өздөрү чечиши керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Токон Мамытовдун талапкерлигин колдообого кесиптештерин чакырып, ал киши эгер колдоого ээ боло турган болсо, анда парламент коомчулуктун катуу сынына каларын билдирди.

"Сонку учурда, мен абдан таң калып жатам. элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасынар мен таң калам? Бишкектин мэри, министрлер, соттор, алып келген талапкерлериңердин бирөөсүнө да эл ыраазы эмес. Коомчулук кыжырланган сайын силер үстөккө-босток кылып, улам-улам элге жакпаган кишилерди сунуштап жатасыңар. Биз Акыйкатчы институтунда реформа болуш үчүн эрки бар адамдарды алып келишибиз керек. Андай адамдар талапкерлердин арасында бар. Тил алчаак адам акыйкатчы болбошу керек. Азыр бийлик сунуштаган адам ошондой болушу мумун. Токон Мамытов адам катары жакшы киши, мамлекетчил киши. Бирок акыйкатчы кызматына жарабайт. Мурдагы үч бийликтин учурунда чоң саясий билдирүү же эл тарапта болгон билдирүү таратпаган адам элдин укугун кантип коргойт? Чындыкты чыркыраттып айткан адам керек",- дейт Акаев.

"Ошондой эле ал акыйкатчыны шайлоо өзү акыйкат өтүшү керек. Мына талапкерлер отурган жердин артында секиче турат, ошондон комиссия мүчөлөрү ары өтпөсөңөр. Добуштарды көзөмөлдөө деген болбош керек. Эл өкүлдөрү өзүбүз парламентте туруп добушубузду көзөмөлдөтсөк коомчулукка уят болобуз",- деп кошумчалады ал.

Ошондой эле депутаттар Жаза аткаруу кызматын реформалоодогу кандай маселер бар экенин, ал боюнча кандай иштерди кыла ала тургандыгына жана кайсы президенттин учурунда адамдардын укугу көп тебеленгенине кызыгышты.

Депутаттар өздөрүнүн суроолоруна жооп алгандан кийин жабыш добуш берүүгө өтүштү. Анын жыйынтыгы менен депутаттардын 79у Мамытовдун талапкерлигин колдошту. Канатбек Азиз 19, Рита Карасартова 9, Рыскул Бактыбаев 6 добушка ээ болду.

Ал эми Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жеңишке жеткен Токон Мамытовду куттуктап, анын жоопкерчиликтүү жаӊы кызмат ордунда ийгиликтерди каалады. Ал Акыйкатчыны ар дайым жалпы коомчулук менен жарандардын кызыкчылыгын коргоого, депутаттар тарабынан айтылган пикирлер менен берилген сунуштамаларды такай эске алып, кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды.

Жаңы акыйкатчы болуп шайланган Токон Мамытов өзүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айттып, алар тараптап бүгүн айтылган сунуштарды эске алаарын айтты.

Айта кетсек, Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайлан Токон Мамытов 1953-жылы 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтун аяктаган.

1981-1992-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча КГБ башкармалыгында ыкчам-тергөө иштери боюнча ага кызматкер, бөлүмдүн башчысы;

1992-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси;

1992-1997-жылдары УКМКнын бөлүм башчысы;

1997-2002-жылдары Улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын жетекчиси;

2002-жылы Коргоо министринин орун басары;

2002-2005-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары жана биринчи орун басары;

2005-2007-жылдары президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцелярия жетекчиси;

2007-2008-жылдары Коргоо кеңешинин катчысы;

2008-2009-жылдары президенттик администрацияда мамлекеттик кеңешчи;

2009-жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2013-жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

2013-жылы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү;

2013-2014-жылдары вице-премьер-министр;

2014- 2015-жылдары «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун төрагасы;

2016-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп эмгектенип келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!