Жаз мезгилинде аба ырайы кандай болот?

12-Апр. 2017, Шаршемби

Быйыл Кыргызстанда жаз айлары жаан-чачындуу болууда. Ошондой эле кыш мезгилинде нормадан ашык жааган карга байланыштуу өлкө аймагында жер көчкү коркунучтары күчөп, Өзгөн районундагы көчкүдөн адам өмүрлөрү кыйылды.

Буга байланыштуу “быйылкы жаз мезгилинде аба ырайы кандай болот?”,- деген кызыгуудан улам “Zaman.kg” сайтынын кабарчысы жаз кандай болору тууралуу Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанкожоев менен маек курду.

Анын айтымына караганда, кышта жааган кар жана жаз келгенден бери жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу быйыл жер көчкүлөр активдешип жатат.

“Үстүбүздөгү жаз мезгили өз маалынан кеч келди. Ошондой эле аба ырайы да турусуз болууда. Бирок, жаз келгенден бери жаап жаткан жаан-чачындын нормасы рекордук ченге жетти деп айтууга болбойт. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл жаан көп жаап жатат. Негизинен быйылкы жазда жааган жаандын нормасы менен өткөн жылдагы жаандын нормасы канча болгондугу боюнча маалымат 10 күндүн ичинде чыгып калат”,- дейт Асанкожоев.

Ал билдирген маалыматка ылайык, Кыргызстандын климаты бийик тоолуу аймактардагы же тоо этегиндеги түздүктөрдө жана жапыз өрөөндөрдө башкача. Мисалы, бийик тоолуу аймактарда жети айдан ашык суук болбойт. Мындай аймак сугат суусу менен жетиштүү камсыз болсо, айыл-чарбасы үчүн эң ыңгайлуу. Негизинен жайыт катары пайдаланылат. Башкача айтканда, тоолуу аймак жаз мезгилинде аба ырайынын туруксуздугу менен айырмаланат. Муздак аба, жылуу аба алмак-салмак кирип, бирде суук, бирде жылуу аба ырайын алып келет. Жаан-чачын көбүрөөк байкалат. Ал эми жапыз өрөөндөрдө жаан-чачындын саны аз болот. Бул жерде кургакчыл жана ысык аптаптуу келет. Буга Баткен өрөөнүн мисал кылууга болот.

“Жогоруда айтып өткөндөй эле бул жазда жаан-чачын көп болууда. Апрелдин алгачкы күндөрүндө эле 2-3 күн жаан жаап өткөн. Эми мына бүгүн, 12-апрелден 14-апрелге чейин республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат. 12-апрелде кээ бир райондордо, 13-14-апрелинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. Ошондой эле өлкөдөгү туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет. Ал эми жалпы жаз мезгили боюнча божомол айтуу кыйын. Бирок, биздин аба ырайыбызга Түндүк муз океанындагы жана Жер Ортолук деңизиндеги болуп жаткан өзгөрүүлөр да өз таасирин тийгизет”,- деп кошумчалады ал.

Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары жайдын ысык болушун божомолдогон жок, бирок андай болуу ыктымалдуулугун да жокко чыгарышпайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!