2-октябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жана тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22.
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Ошто түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Жалал-Абадда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25.