13-апрель: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

13-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 13-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшүүсү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +7...+12;

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +7...+12;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +11...+16;

Баткен аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +10...+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +4...+9;

Ал эми Бишкекте маал-маалы менен катуу жаан жаайт, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +9...+11 градус жылуу болот

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!