Парламентке жыртыгы көп мыйзам долбоору сунушталдыбы?

Парламентке жыртыгы көп мыйзам долбоору сунушталдыбы?
3-Окт. 2018, Шаршемби, 16:47

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Аталган мыйзам боюнча парламентте көп сындар айтылып, анын жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору ата-мекендик үрөөнчүлүктү өнүктүрүүгө маанилүү болуп эсептелет.

"Бул мыйзам долбоордун максаты айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөөндүк материалдар менен камсыздоо аркылуу, мамлекеттик колдоо көрсөтүп, республикабыздын үрөөн чарбаларында жогорку сорттогу сертификатталган өндүрүшүн көбөйтүп, аны сатууга жакшы тарттарды түзүү", - дейт Мурашев.

Ошондой эле Айыл чарба министринин билдирүүсүнө ылайык, долбоордо мамлекеттик дотация боюнча түшүндүрмө берилет. Бул кайтарымсыз негизде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөөндөрдүн сыртка өндүргөн үрөөн чарбалардын жылга тарткан чыгымдарын бюджеттик каражаттар менен ордун толтуруу. Өсүмдүктөрдүн ичинен проритеттүү болгон буудай, арпа, пахта, кант, жүгөрү, беде жана башкалар эсептелет. Аталган мыйзам ишке ашырылуусу республиканын аймагында пайдаланууга уруксаат берилген сорттордун жана гибриттердин мамлекеттик рестерине кирген, сертификатталган айыл чарба өсүмдүктөрүнө гана багытталат.

“Приоритеттүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө жана сатууга укугу бар үрөөн чарбалар гана азыркы дотация үрөөнүн колдонгон айылдык субьектерге тиешелүү. Дотациялык каражат мыйзамда көрсөтүлгөн жылдык республикалык бюджеттин каражатынан, өкмөт тарабынан аныкталат”,- деп кошумчалады Мурашев.

Жогорку Кеңешке сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча депутат Экмат Байпакбаев баяндамачыга кайрылып, эгер бул мыйзам долбоордун алкагында 30 пайыз дотация кылса, анда канча каражат кетээрин жана өлкө боюнча жалпы канча үрөөн чарба бар экенинин сурады.

Депутаттын суроосуна Айыл чарба министри:“Биздин эсептөөлөргө ылайык, 2019-жылга үрөөн чарбаларга 107 млн сом керектелет. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал бюджетте каралат. Бүгүнкү күндө статус алган 109 үрөөн чарба бар, анын ичинен 77 үрөөн чарба биринчи экинчи репродукцияны даярдай турган чарба. Мына ошолорду дотацияга коелу деп жатабыз”,- деп жооп кайтарды.

Ошондой эле депутат Байпакбаев үрөөн чарбаларга караларган акчаны кантип таркатыларын, ал үчүн кандай критерийлер бар экенине кызыкты.

Дотацияга берүү механизмине Айыл чарба министри Нурбек Мурашев мындайча түшүндүрүп берди. Анын айтымында, үрөөн чарба өзүнүн сертификатталган үрөөнүн даярдайт. Анан аны айылдык кеңеш тарабынан белгиленген тоннанын баасы, баасынын (сертификатталган үрөөндүн баасынын) 30 пайызы мамлекет тарабынан дотацияланып берилет. Башкача айтканда, дыйкандар базар баасынан кыйла арзан баада сапаттуу үрөөн ала алышат.

Ал эми дагы бир депутат Абдимуктар Маматов техникалык өсүмдүктөрдүн (пахта, тамеки) сортуна багытталса кошумча жумуш орундары түзүлөрүн түшүндүрдү. Аныдан сырткары ал бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинде кайсы культурага приоритеттүү багыт катары басым жасаларын сурады.

Эл өкүлүнүн суроосуна Мурашев: “Көп жылдык мөмө бактарды көбөйтүү эң негизги приоритет”,- деп кыскача жооп берди. Андан тышкары, ал ички азык түлүк коопсуздугун сактоо үчүн айыл чарба продукцияларына басым жазалып жатканын айтты.

Дагы бир депутат Айтмамат Назаров бул мыйзам болдоору боюнча өз оюн ортого салып, ал сатылган үрөөнгө гана субсидия берилиши керектигин жана аны аныктаган комиссиянын курамы так болуп, алар жакшы иштеши керектигин айтты.

“"Кол ийрисине тартат" болуп, бул жакшы долбоорду өлтүрүп албайлы”,- деди Назаров.

Депутаттын пикирине министр да кошуларын билдирип, бул маселе көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

Ошондой эле дупатат Улан Примов аталган долбоорго керектеле турган каражат бюджетте каралып же каралбаганына жана ар кандай шарттар менен (аба ырайына байланыштуу) дыйкандар тиешелүү түшүмдү ала албай калса, анда кандай жеңилдиктер каралганына кызыкты.

Бул боюнча Финансы министрлигинин орун басары Алмаз Азимов бул мыйзам долбоору болгондуктан ага бюджеттен карала электигин, эгер мыйзам кабыл алынып калса кошумча акча караларын белгиледи. Ал эми Айыл барча министри андай форс-мажердук жагдайлар мыйзамда каралбаганын, бир гана үрөөндү дотациялоо маселеси гана турарын айтты.

Мындан улам депутат Примов сунушталып жаткан мыйзам долбоору жакшы экенин, айыл чарбаны колдоо үчүн мыйзамды кабыл алып берерин, бирок ошол эле мезгилде жоопкерчилик, механизмдер, жеңилдиктер да мыйзамда каралышы керектигин айтты.

Буга улай эле депутат Аалы Карашев үрөөндүн сапатын ким коюп беририне кызыгып, ал бул жерде чоң коррупциялык риск бар экенин айтып, бул боюнча Айыл чарба министрлиги кандай механизмдерди иштеп чыгып жатканын сурады. Ошондой ал да парламентке сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоп берээрин, бирок механизмдер так иштелип чыгып, сүткөрлукка жол берилбеши керектигин белгиледи.

Эл өкүлдөрүнүн айткандары боюнча министр Мурашев мындай маселени болтурбоо үчүн департамент аркылуу бардыгы көзөмөлгө алынарын түшүндүрдү.

Бирок, башка депутаттар кесиптештеринин пикирин колдоп, экинчи окууда аталган мыйзам долбоорунда механизмдер так жазылыш керектигин белгилешип, мыйзам долбоорун 1-окууда добуш берүүгө жиберишти.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринде каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!