Айрым райондордо үшүк жүрөт

Айрым райондордо үшүк жүрөт
9-Окт. 2018, Шейшемби, 17:49

11-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйнала элек жашылча-жемиштерге зыян тийгизет.

10-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл обулусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Ош обласында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Жалал-Абад обласында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!