13-октябрь:тоолуу райондордо кар жаайт

13-октябрь:тоолуу райондордо кар жаайт
12-Окт. 2018, Жума, 16:45

13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,

Таласта түнкүсүн 2..7, күндүз 10...15,

Ошто түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 14…16 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!