14-апрель: айрым жерлерде жаан жаайт

14-Апр. 2017, Жума

Бүгүн, 14-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 19-24 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19;

Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18;

Баткен жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз+ 8...+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12;

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаашы, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын түнкү температурасы +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!