17-апрель: тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 17-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +13...+18;

Таласта түнкүсүн +4..+.9, күндүз +12...+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14;

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +12...+17;

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +16...+18 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!