​3-ноябрь: Кыргызстанда күн жылыйт

​3-ноябрь: Кыргызстанда күн жылыйт
2-Ноя. 2018, Жума, 16:20

3-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;

Ошто түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;


Бишкекте жаан-чачын жок. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн -4…-6, күндүз +1…+3.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР