16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору билдирди.
Маалыматка караганда, күндүзү Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектерин кар жаашы күтүлөт. Нарын Ысык-Көл областарынын айрым райондорунда кар болушу күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 15-20 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,
Ошто түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,
Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…-9,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9 градус болот.
16-декабрда Бишкек шаарында түнкусүн жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1°…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° болот.