​Бакы Катаганов: “Согушта эки күн катары тамактанбай жүрдүк”

3-Май 2017, Шаршемби

Быйыл 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгы белгиленет. Бул датага карата өлкөбүздө чоң салтанатта өткөрүлмөкчү. Айтканга оңой болгону менен кандуу кармашта нечендеген эр азамат жоокерлердин өмүрү кыйылып, бир канчасы жараат алган. Бизге жаркын жашоо тартуулаган аталардын жашоосун билүү максатында согуштун ардагери Бакы Катаганов атанын үйүнө бардык. Ал согуштагы көргөн эскерүүлөрүн баяндап берди.

АТ-БАШЫДАН ТОКМОККО ЖӨӨ КЕЛДИК

- 1924-жылы Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында туулгам. Согушка 1942-жылдын октябрь айында 18 жашымда чакырылдым. Ал убакта Педагогикалык окуу жайдын 2-курсунда окуп жаткам. Согуш башталып биздин райондогу ар кайсы коңшу айылдан 64 бала аттандык. Арасында бирге окуган классташтарымдан беш алтоо бар, бардыгы силердей балдар. Ал учурда автоунаа жок болгондуктан Ат-Башыдан Токмокко чейин жөө келдик. Эки жетекчибиз бар, алар атчан арабага минип азыктарыбызды, жүктөрүбүздү таңып алган. Бир маалда Токмокко келдик, ал жерден поездин үнүн угуп калдык. Аны же мурда көрбөсөк, улам жакындаган сайын бир-бирибизге корунуп, жыгылып калчудай болобуз. Ага бизди жана башка жоокерлерди салып Россияны көздөй сапар алдык. Бир убакта Татарстанга келип түштүк, ал жерден “орун жок” деп бизди кабыл алган жок. Ал жерден чыгып Уфа шаарына бардык, ал жерге да алган жок андан өтүп Украинанын Молотов облусуна келип түштүк. Эки жылдай ал жерде душмандын мизин кайтарып, салгылаштык. Кандуу кармашта денеме ок тийип, жеңил жараат алып, алты ай Молотов облусундагы аскердик бөлүктүн госпиталында дарыланып жаттым. Жараат алган жерим жакшы болгондон кийин 1943-жылы май айында Москвага бардык. Ал жерден Ленинградды коргоого бир батальон жоокер болуп немистерге каршы турдук. Кийин Белоруссияга аттандык.

ЖАНЫМДА ООР ЖАРАДАР БОЛГОН ЭКИ НЕМИС ЖАТЫПТЫР

- Ошол Белоруссиянын Смолов облусунда салгылашып жүрөбүз, бир маалда эки кабаттуу мектепке немистер кирип келишип, биз жакты көздөй аткылай баштады. Биз да алардан кем калган жокпуз. Кармаш катуу уланып жатты, ок жегендер да көп болду. Ошентип отуруп ал мектептен душмандарды кууп чыктык. Дагы бир үңкүрдөй болгон үйдө дагы атышуу орун алды. Карасам жанымда эки жоокер жатыптыр. Жанына барып “сен кимсиң” деп сурасам унчукпайт, жакшылап карасам немистин шинели, булдуруктап сүйлөйт, жарым жан болуп жатыптыр. Колуна курал кармаганга да шайы жок, буларды эми командирге алып барайын деп турсам нары жактан орус улутундагы бала жаныма келип “мен алып кетем” деп орусча сүйлөп төшүндө тагылган медалын жулуп, колтуктаган бойдон алып кетип калды. Мен момун киши оозумду ачкан бойдон кала бердим, орус тилин да жакшы билчү эмесмин, “өзүм алып барсам” болмок деп кала бердим. Ошол жерден колумдан жеңил жарадар алып 1-2 апта дарыланганымдан соң биздин топту Украинага алып барып, ал жерден бутумдан жеңил жарадар алдым. Колубузга снайпердик курал бар, аны окуп пайдаландык. Октон набыт болгон жоокерлердин дагы куралдарын колдонуп жүрдүк. Кийинчерээк автомат беришти.

ИОСИФ СТАЛИНДЕН БУЙРУК ЧЫГЫП...

- Согушта талаа госпиталы деген болот. Кээ күнү тамак иче турган жерибизге эки күн катар тамак келбей калган учурлар болду. Ал күнү кечке ачка болосуң. 1944-жылы СССРди башкарып турган Иосиф Сталин Москвадан “Согушта жардар болгондор алты ай эмгек өргөөсүнө чыгарылсын” деген буйругун чыгарыптыр. Ал буйрук мага да тиешелүү болгондуктан 21 жашымда ошол жылы Ат-Башыга келдим. Алты ай өткүчөктү согуш да аяктап, кайра барбай калдым. Мени менен чогуу кеткендердин кайтпагандары да болду. Бирөөнүн буту жок, бирөөнүн далысына ок тийип келди. Азыр баарынын көзү өтүп кетти.

ЭЛ АГАРТУУСУНДА, КОЛХОЗДО ЭМГЕКТЕНДИМ

- Согуштан келээрим менен окуумду улантып, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп окуумду аяктадым. Өзүмдүн айылыма кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп ишке орноштум. Эл агартуу тармагында 20 жылдай эмгектендим, жогорку категориядагы мугалимдиктен тартып окуу бөлүмүнүн башчысы, директорлукка чейинки кызматтарда иштедим. Кийинчерээк райондун жетекчилери “Компартиянын жоопкерисиң” деп жетекчилик кызматка дайындашты. А дегенде “Жылкы” фермасында, андан соң колхоздун кадрлар бөлүмүнүн башчысы, кийинчерээк “Ак-Моюн”, “Ак Муз” деген эки чоң колхоз бар эле ошол жерге айыл башчысы, айыл өкмөтү болуп 20 жылдай иштедим. Жумушумду тапшырып 1988-жылы ардактуу пенсияга чыгып, үйдө отуруп калдым. Бир уулум, үч кызым, 21 неберем, 26 чөбөрөм, 3 кыбырам бар. Уулум 2007-жылы каза болуп калды. Андан 3 эркек 2 кыз калды. Азыр жашым 93дө. Ден соолугум жакшы, эч жерим деле оорубайт, колу-бутум ооруп калат, жатаарда дарыдан ичип жатам.

АРДАГЕРЛЕРГЕ ЖАКШЫ КӨҢҮЛ БУРУЛУП ЖАТАТ

- Согуш ардагерлерине мамлекет жакшы эле көңүл буруп жатат. СССР убагында 10 баатыр шаар деген бар эле. Ал жака мага жолдомо келип байбичем экөөбүз 10 шаарды Украина, Белоруссия өлкөсүн Орусиянын шаарларын кыдырып бир ай жүрүп келдик. Кыргызстан боюнча 124 согуштун ардагери бардык. Ал эми бүгүнкү күндө согуштун ардагерлерине кандай жардам көрсөтүлүп жатканын деле билбейм. Мен өзүмө компенсация деп айына 10 миң сом, президенттин стипендиясы деп 3 миң сом, пенсияма 6 миң жалпысынан айына 29 миң сом алам. Өкмөт бизди жакшы эле багып жатат, ыраазымын. Сыналгыдан Украинада, жана башка жерлерде согуштар болуп жатканын көрүп калам, кээсин уксам, кээ бирин укпай калам. Эң негизгиси элибизде тынччылык болсун. Өлкөнүн экономикасы өсүп, элге жумуш орундарын түзүп жакшы иштерди жасап, жетекчилер жакшы болуп, жакшы иштешсин. Биздин келечегибиз жаштар, биз көргөндү алар көрбөсүн. Аларга көңүл буруп ыймандуу, илимдүү, билимдүү болушуна жакшы шарттар түзүлүшүн каалайм.

Эрлан Жыргалбек уулу: “ЧОҢ АТАБЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБАЗ”

- Намаз окуган сайын чоң атамдын өмүрүн тилеп, дуба кылабыз. Атабыз 9-май жеңиш майрамын күтүп отурат. Бул күн биздин туугандарда, айылыбыз үчүн чоң майрам. Себеби шаардагы айылдагы, болгон тууган-уруктарыбыз атабызды куттукташып, кабар алып турушат. Атабыз менен сыймыктанабыз, төшүнүн баары медаль. Биз мектепте окуп жүргөндө тентектик кылып койсок атабыздын артынан эле кутулуп кетет элек. Бүгүнкү күндө да атабызды уят кылбайлы деп жакшы иштерди аткарып келе жатабыз. Чынында атабыздын согушта көргөн окуяларын чоң энебизден көп уктук. Атам согушта курсактары ачып зыгыр май ичкен күндөрү да болуптур. Атамдын досу Абдыке деген ардагер ашпозчулук кылып, атам досуна эркелеп 2 кружка зыгыр май ичип алчу экен. Бизге көптөгөн акыл насаат кебин айтат. “Жок деп эч качан айтпагыла, барына Кудайга шүгүр дегиле, мындай болбосо талаада каласыңар го, биз силердей куракта Ат-Башыдан Токмокко чейин жөө келгенбиз” деп айтып калат. Азыр автоунаага отуруп барсак дагы уктап, чарчап жетип жатпайбызбы. Чоң атам дагы маегинде айтпай кетти, 90 жашка чейин айылда аксакалдар соту болуп иштеди. Пенсияга чыкса деле үйдө отура албай папкасын көтөрүп алып “айыл өкмөтү иштебей калды окшойт” деп айыл өкмөтүнө жөнөп кетчү. Улуу жеңиштин 72 жылдыгына карата элибизде тынчтык болсун, канчалаган аталар эли-жери, мекени, келечек үчүн жанын аябай кан майданда курман болду. Алардын жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Тилекке каршы согуш ардагерлеринин барган сайын катары суюлуп баратат. Алардын көзү тирүүсүндө сыйлап, батасын алып калуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!