8-май: айрым жерлерде жаан жаайт

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 8-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Талас облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Тоолуу жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25,

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +14...+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болуу ыктымалдуулугу аз. Түнкүсүн +10...+12, күндүз +23...+25 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!